Диярбакырда «Эрен блокада-33» операциясы башталды

Билдирүүдө операцияга 1054 кызматкер катышканы белгиленди.

1866546
Диярбакырда «Эрен блокада-33» операциясы башталды

Диярбакырда жикчил террордук уюм ПККга каршы «Эрен блокада-33» операциясы башталды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда жикчил террордук уюм ПККны  өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймакта баш калкалоочу катары эсептелген террористтерди таасирсиз кылуу үчүн Диярбакырда «Эрен блокадасы-33 (Хани/Бирлик-Акчаюрт) шейит жандармериянын адис сержанты Мухаммет Туфан» операциясы башталганы билдирилди.

Билдирүүдө операцияга 1054 кызматкер катышканы белгиленди.

Өлкөдө террорду толугу менен жок кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан Эрен блокада операцияларынын элдин колдоосу менен ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө уланып жатканы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар