Эрбаш: «Аясофия негизги өзгөчөлүгүнө ээ болду»

Аясофия Стамбулдун каратылышынын эң маанилүү символу болуп саналат.

1453244
Эрбаш: «Аясофия негизги өзгөчөлүгүнө ээ болду»

Дин иштери башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш, Аясофиянын музей статусунан мечит статусуна кайтып келиши менен негизги өзгөчөлүгүнө ээ болгонун айтты.

Али Эрбаш Твиттердеги билдирүүсүндө, Стамбулдун каратылышынын эң маанилүү символу болгон Аясофиянын өзүнүн негизги өзгөчөлүгүнө жетишип кайрадан ибадатка ачылганын айтты.

Эрбаш: «Эми биздин милдетибиз Аясофиянын маанисин жер жүзүндө үстөмдүк кылган улуу мечитке айландыруу үчүн чоң ишеним, чечкиндүүлүк, толкундануу жана берилгендик менен иш алып баруу»,- деди.

Аллахка түбөлүк алкышын айткан Эрбаш мусулмандар үчүн 86 жылдык сагынычтын аяктаганын жана улуттун жүрөгүндөгү кайгынын чоң кубанычка айланганын белгиледи.

Мамлекеттик кеңештин Аясофия чечиминен кийин 81 дубанда таңкы намаздан кийин шүгүр дубасы программасы уюштурулду. Стамбулдагы мечиттерде дагы багымдат намазынан кийин шүгүр дубалары кылынды.



Тектеш кабарлар