Эрдоган 34 ГЭСтин ачылыш аземине катышты

Президент Эрдоган, Түркиянын электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө жылына 1,9 миллиард киловатт саат салым кошо турган эң бийик суу сактагыч Юсуфелинин бүтөйүн деп калганын билдирди.

1866724
Эрдоган 34 ГЭСтин ачылыш аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын ГЭС кубаттуулугун кыска убакытта 2,5 эсеге көбөйтүп 44 миллиард киловатт сааттан 110 миллиард киловатт саатка жеткиргендерин айтты.

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Бештепе Миллет конгресс жана маданият борборунда Мамлекеттик суу иштери башкармалыгы тарабынан курулушу аяктаган 34 ГЭСтин ачылыш аземине катышты.

Президент Эрдоган, Түркиянын электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө жылына 1,9 миллиард киловатт саат салым кошо турган эң бийик суу сактагыч Юсуфелинин бүтөйүн деп калганын билдирди.

Президент: «Бүгүн ача турган ГЭСтер менен биргеликте акыркы 20 жылда өлкөбүзгө 605 жаңы ГЭСти куруп берип, жалпы санын 730га жеткиргенибизге сыймыктанабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар