Эрдоган АКШга барат

Эрдоган, сапарынын алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугуп, АКШ менен Сириянын түндүгүндөгү коопсуз аймак иштеринде келип жеткен жерге баа берет.

1273601
Эрдоган АКШга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 74-Башкы ассамблеясына катышуу үчүн эртең АКШга барат.

Эрдоган, сапарынын алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугуп, АКШ менен Сириянын түндүгүндөгү коопсуз аймак иштеринде келип жеткен жерге баа берет.

Президент Эрдоган, Трампка Түркиянын «коопсуз аймак» темасындагы чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу түшүндүрүп, ташталышы керек болгон кадамдарды эске салат.

Эрдоган, БУУнун Башкы ассамблеясында да дүйнөлүк коомчулукка үн катып, коопсуз аймактын сириялык качкындардын артка кайтышы үчүн маанилүү порт боло турганынын белгисин берет.

Режеп Таййип Эрдоган, Нью-Йоркто айрыкча БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш, Франциянын пезиденти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Англиянын премьер-министри Борис Жонсон менен жолугушуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар