Эрдоган Албанияда жер титирөөдөн кийин салынган үйлөрдүн ачылышына катышты

Албаниянын борбор шаары Тиранага барган президент Эрдоган, Түркиянын Лач шаарында 2019-жылы болгон жер титирөө кырсыгында үйлөрүн жоготкон үй-бүлөлөр үчүн курган конуштарды тапшыруу аземине катышты.

1763937
Эрдоган Албанияда жер титирөөдөн кийин салынган үйлөрдүн ачылышына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия менен Албаниянын достугуна жер титирөө үйлөрүнүн ачылышы менен таажы кошкондорун айтты.

Албаниянын премьер-министри Эди Раманын чакыруусу менен расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Албаниянын борбор шаары Тиранага барган президент Эрдоган, Түркиянын Лач шаарында 2019-жылы болгон жер титирөө кырсыгында үйлөрүн жоготкон үй-бүлөлөр үчүн курган конуштарды тапшыруу аземине катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө жер титирөө кабарын алаары менен аймак калкынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн дароо кыймылга киришкендерин жана керектүү бардык медициналык каражаттарды Албанияга жеткиргендерин эске салып, премьер-министр Рама менен тынымсыз байланышта экендиктерин жана аткарылып жаткан иштерди кылдаттык менен байкагандарын айтты.

Эл аралык коомчулуктун, өзгөчө Ислам Кызматташтык Уюмунун Албанияга жардам колун сунуу демилгесин жеке өзү көтөргөнүн билдирген Эрдоган: «Жер титирөөдөн кийин аймакка жардам берүүгө шашкан биринчи өлкөнүн Түркия болушу арабыздагы бекем тилектештиктин эң чоң далили»,-деди.

ТОКИ (Массалык турак жай башкармалыгы) тарабынан курулган жалпы 522 үйдү камтыган жана болжол менен 42 миллион еврого бааланган үйлөрдү бүгүн тапшыргандарын белгилеген президент Эрдоган: «Түркия менен Албаниянын ортосундагы достукту жер титирөө үйлөрүнүн ачылышы менен чыӊдап жатабыз. Жер титирөөдө каза болгон бир туугандарыбызга Аллахтан ырайым, жакындарына сабыр жана көңүл айтам. Каза болгондорду кайра алып келе албайбыз, бирок артта калгандардын жашоолорун жеңилдете турган кадамдарды таштоо биздин колубузда. Турак жайлары менен бул жерде 522 үй-бүлөнүн келечектеги жашоосун тынчтыкта ​​жана коопсуздукта жашашын камсыздап жатабыз»,-деп айтты.

«Апрель айында 68 күндө бүтүргөн аймактык оорукана мына ушундай сонун ынтымактын үлгүлөрүнүн бири»,-деп айткан Президент видеоконференция байланышы аркылуу ачылыш аземине катышкан оорукананы Түркия - Албания достук ооруканасы деп атаганын айтты.



Тектеш кабарлар