Эрдоган: «Мамлекет бардык мүмкүнчүлүктөрү менен Измирге жардам көрсөтүүдө»

Кечээ Измирдин Сеферихисар районунда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган эле.

1519390
Эрдоган: «Мамлекет бардык мүмкүнчүлүктөрү менен Измирге жардам көрсөтүүдө»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, мамлекет бардык мүмкүнчүлүктөрү менен Измирдеги жер титирөөдөн жапа чеккен жарандардын жанында экендигин билдирди.

Президент Эрдоган өзү жетектеген Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) «Ататүрк» шаардык стадионунда өткөрүлгөн Ван 7-кезектеги облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган Измирдеги жер титирөөгө байланыштуу: «Жер титирөө болгон учурдан баштап министрлер, депутаттар, биздин бардык мекемелер, Кызыл Жарым Айыбыз, Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгыбыз (AFAD) бардыгыбыз биргеликте Измирдеги боордошторубузга жардамга көрсөттүк. Измирдеги жер титирөөдө үйлөрү кыйраган жарандарыбызга буюрса тез арада жаңыларын куруп беребиз»,-деди.

Кечээ Измирдин Сеферихисар районунда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болуп, Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа ушул кезге чейин 35 адамдын өмүрүн алганын кабарлаган болчу.



Тектеш кабарлар