Эрдоган НАТО лидерлерине видео көрсөттү

Президент Эрдоган Испаниянын борбор шаары Мадридде НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында өткөрүлгөн «терроризм» темалуу сессияга катышты.

1850412
Эрдоган НАТО лидерлерине видео көрсөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, НАТОнун Лидерлер саммитинин алкагындагы терроризм темалуу сессияда лидерлерге Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган жана Түркиянын террор менен күрөшүүсү түшүндүрүлгөн видеону көрсөттү.

Президент Эрдоган Испаниянын борбор шаары Мадридде НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында өткөрүлгөн «терроризм» темалуу сессияга катышты.

Бул жерде Эрдоган лидерлерге “НАТО терроризмдин бардык түрү менен күрөшүүгө милдеттениши керек” деген видеотасманы көрсөттү.

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨнүн Түркияда жасаган кол салууларынан көрүнүштөр камтылган видеодо Түркиянын бардык террордук уюмдарга каршы чечкиндүү күрөшү баса белгиленди.

Видеодо Түркия күрөшүп жаткан террордук уюмдардын иш-аракеттерине жана демонстрацияларына кээ бир өлкөлөрдүн уруксат берип, колдоо көрсөтүп жаткандарына байланыштуу көрүнүштөр да орун алды.

Түркияда террордун айынан 40 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылганы баса белгиленген видеодо: «Стратегиялык жана коогалаңдуу аймакта орун алган Түркиянын коопсуздугу жана ырааттуулугу тынымсыз террордук уюмдардын бутасына алынды. Түркия акыркы 40 жылда ПККнын ички террор коркунучун жок кылды, Сирияда ДЕАШты жеңди, эң акыркысы ФЕТӨ уюму тарабынан жасалган 15-июлдагы төңкөрүш аракетинде козголоңчуларды зыянсыздандыруу менен жеңишке жетти. Он миңдеген жарандары террордук кол салууларда шейит болгон жана өлкөнүн коопсуздугу менен туруктуулугун камсыз кылуу үчүн миллиарддаган долларларды сарптоого аргасыз болгон Түркия терроризмге каршы күрөштө эбегейсиз күч жумшады» деген сөздөр менен Түркиянын террорго каршы күрөшү түшүндүрүлдү.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «Биз эч бир НАТО союздашынын Түркиядай террордук кол салууларга дуушар болбогонун түшүнүшүбүз жана эске алышыбыз керек»,-деген сөзүнө да басым жасалган видеодо, европалык союздаштардын Түркияга багытталган террорго каршы мамилесине көңүл бурулду.

Франциянын борбор шаары Парижде, Англиянын борбор шаары Лондондо, Нидерландиянын борбор шаары Амстердамда, Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде, Швециянын Мальмё жана Германиянын Дюссельдорф шаарларында террордук уюмдун колдоочуларынын демонстрациялары орун алган видеодо: «Түркия терроризмге каршы чечкиндүү күрөшүн улантып жатканда тилекке каршы НАТО өнөктөштөрү Анкаранын улуттук коопсуздук маселелерине көз жумду. Көптөгөн европалык өнөктөштөр болсо Түркиянын улуттук коопсуздугуна жана түрк жарандарынын өмүрүнө коркунуч келтирген ПКК террордук уюмуна жана анын туундуларына түз же кыйыр түрдө саясий, каржылык жана курал колдоосун улантууда»,-деп айтылды.

АКШнын террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГга террор менен күрөшүү атын жамынып, акча, машыгуу жана курал колдоосун улантып жатканы билдирилген видеодо, Пенсильваниядагы ФЕТӨ лагеринин кадрлары менен бирге «ФЕТӨ лидери дагы деле жоопкерчиликтен качууда жана Пенсильваниядагы фермасында жашап террордук уюмга көрсөтмө берүүнү улантууда»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар