Эрдоган: «Өлкөнүн ичинде террор уюму чоң өлчөмдө жок болуу чегине келди»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,«Жандармерия жана жээк коопсуздугу академиясынын башчылыгынын офицер жана кенже офицерлеринин бүтүрүүчүлөр аземинде» сөз сүйлөдү.

1257714
Эрдоган: «Өлкөнүн ичинде террор уюму чоң өлчөмдө жок болуу чегине келди»

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өлкөнүн ичинде террор уюмунун чоң өлчөмдө жок болуу чегине келгенин айтты.

Жандармерия жана жээк коопсуздугу академиясынын стадионунда кечээ уюштурулган, «Жандармерия жана жээк коопсуздугу академиясынын башчылыгынын офицер жана кенже офицерлеринин бүтүрүүчүлөр аземинде» сөз сүйлөгөн Эрдоган, террористтердин Сирияда түзүүгө аракет кылган террор тилкесине токтолду.

Президент: «Террор тилкесинин батыш жагын сындырдык, чыгыш жагын сындырганыбызда чоң оюнду бузган болобуз»,-деп айтты.

Кечээ эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөргөндөрүн жана буларды сүйлөшкөндөрүн маалымдаган Эрдоган, алдыдагы аптада АКШнын президенти Дональд Трамп менен буларды сүйлөшө турганын айтты.

Түркиянын эми үстөлдө таасирдүү экенин баса белгилеген Эрдоган, сүйлөшүү менен жолун уланта тургандарына басым жасады.

Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдар тууралуу Режеп Таййип Эрдоган: «Төрт кеме менен биз ал жердебиз. Бирок төрт кемебиздин жанында Деңиз күчтөрүбүздүн фрегаттары бар. Ошондой эле түрдө Аба күчтөрүбүз дайыма ошол жерде. Ал жердеги иштерибизди жүргүзүүдөбүз жана акырына дейре жүргүзөбүз. Түндүк Кипрдеги тектештерибиздин укуктары жана өз укуктарыбызды ал жерде коргоого убада бердик жана ушул жолду улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар