Эрдоган Стамбул Медениет университетинин китепканасынын ачылышына катышты
Эрдоган мектептердеги китепканалардагы китеп санын 3 эсеге көбөйтүп, кыска убакыттын ичинде 70 миллионго жеткиргендерин, жыл аягына чейин бул санды 100 миллионго жеткире тургандарын айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбул Медениет университетинде Түркиянын эң чоң университет китепканасын ачты.
Президент Эрдоган Стамбул Медениет университетинин Зираат банкынын китепканасы жана Борбордук класс имаратынын ачылуу аземине катышты.
Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын эң чоң китепканасы борбор шаар Анкарадагы Бештепе Президенттик комплексинде жайгашкан 5 миллион томдук Улуттук китепкана экенин эске салып : "(Медениет университетинде) бир миллион том басылган китепти жана бир эле учурда 3 миң кишини тейлей турган өлкөбүздүн эң чоң университет китепканасын ачып жатабыз",- деди.
Эрдоган мектептердеги китепканалардагы китеп санын 3 эсеге көбөйтүп, кыска убакыттын ичинде 70 миллионго жеткиргендерин, жыл аягына чейин бул санды 100 миллионго жеткире тургандарын айтты.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.