Эрдоган: «Түркия өз кызыкчылыктарын кандай коргосо, ТКТРнын укуктарын да ошондой түрдө коргойт».

Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарада өткөн «Кипрде акыркы сөз» аттуу диспутка билдирүү жөнөттү.

1273463
Эрдоган: «Түркия өз кызыкчылыктарын кандай коргосо, ТКТРнын укуктарын да ошондой түрдө коргойт».

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Аралдын жана аймактын байлыктарынын бир гана өздөрүнө таандык болгонун ойлогондор, бүгүнкү күндө болгону сыяктуу келечекте да каршысында Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) чечкиндүү турушун көрө тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарада өткөн «Кипрде акыркы сөз» аттуу диспутка билдирүү жөнөттү.

Эрдоган, ТКТРнын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кызыкчылыктарына карай кол салуулар арткан мезгилде ишке ашкан диспуттун Түркиянын эл аралык платформаларда жүргүзгөн укук, акы жана адилеттик күрөшүнө маанилүү салымдарды кошо турганына ишенгенин билдирди.

Президент Эрдоган, билдирүүсүндө буларга токтолду: «Түркия катары өз кызыкчылыктарыбызды кандай коргоп келсек, Кипр Түрктөрүнүн Аралдагы жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укуктарын дагы ошондой эле чечкиндүүлүк менен коргойбуз. Аралдын жана аймактын байлыктарынын бир гана өздөрүнө таандык болгонун ойлогондор, бүгүнкү күндө болгону сыяктуу келечекте да каршысында Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын чечкиндүү турушун көрөт».



Тектеш кабарлар