Фахреттин Алтун : "Түркия террордук уюмга каршы күрөшүп жатат"

Алтун Түркиянын максатынын тегине карабастан бардык террордон тазаланган ишенимдүү аймактарды жаратуу экендигин белгиледи.

1310352
Фахреттин Алтун : "Түркия террордук уюмга каршы күрөшүп жатат"

 Президенттиктин коммуникация боюнча төрагасы Фахреттин Алтун Түркиянын Сирия чек арасынан террордук уюмдарды түп  - тамырынан тазалоо үчүн баштаган операцянын ДЕАШ террордук уюмдун  кайрадан жандануу ыктымалына себеп болушу мүмкүн деген негиздин чындык тышы экендигин айтты.

Твиттер эсебинен англис тилинде маалымат берген Алтун Түркиянын өлкө ичинде жана өлкө тышында ДЕАШ террордук уюм менен күрөшүн чечкиндүүлүк менен уланткандыгын баса белгиледи.

Фахреттин Алтун Сирия чек арасындагы жана Сирия ичиндеги бардык террордук уюмдарга каршы күрөшкөн Түркиянын максатынын тегине карабастан бардык террордон тазаланган ишенимдүү аймактарды жаратуу экендигин белгиледи.

Алтун : «Мыйзамдуу коопсуздук санааларыбызды көрбөстүккө салып жаткандар Түркиянын террор менен күрөшүү операцияларын сынга алуу укугуна ээ эмес жана террордук уюмдарга берген колдоону кайрадан карап чыгуулары керек. ДЕАШ террордук уюм менен күрөшүү деген негиз менен бир террордук уюмду «мыкты өнөктөш»  деп атап НАТО союздаштарына жарашпайт»,- деп билдирди маалыматында.



Тектеш кабарлар