Грек премьер - министринин Түркия тууралуу каты

Кирякос Мичотакис Еммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркелге кат жиберип  Европа Биримдиги жана Түркиянын ортосунда жаңы качкындар келишимине кол коюну сунуш кылды.

1390974
Грек премьер  - министринин Түркия тууралуу каты

Грециянын премьер  - министри Кирякос Мичотакис Франциянын президенти Еммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркелге кат жиберип  Европа Биримдиги жана Түркиянын ортосунда жаңы качкындар келишимине кол коюну сунуш кылды.

Грек «Прото Тема» гезитинин кабарына караганда  Мичотакис катында Европага карата качкындар агымын алдына алуу үчүн Түркия менен кызматташуунун белгилөөчү ролунун табылгандыгын белгилеп Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда жаңы финансылоочу механизмди камтыган келишимдин түзүлүшүн суранды.  

Катында Түркиянын качкындар агымын толугу менен көзөмөлгө алуу күчүнө ээ экендигин айткан Мичотакис Анкаранын качкындарды Европа Биримдигине каршы кысым көрсөтүү каражаты катары колдонгондугун ортого салды.

Мичотакис  Европа Биримдигинен Түркияга материалдык жардамдын «дагы аз агымдар үчүн дагы көп финансы жана дагы чоң агымдар үчүн дагы аз финансы» принцибине таяндырылышы керектигин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар