Греция кайра кайтарган качкындар куткарылды

57 качкын куткарылды.

1452313
Греция кайра кайтарган качкындар куткарылды

Балыкесир облусунун Айвалык районуна жакын жерде грек коопсуздук күчтөрү тарабынан кайра кайтарылган 57 качкын куткарылды.

Грециянын Лесбос аралына барууну каалаган чет элдик качкындар резина кайык менен Чыплак аралынан Эгей деңизине кирди.

Грек коопсуздук топтору тарабынан түрк тарабына кайра кайтарылган 57 киши Жээк коопсуздук командирлдигинин катерине алынды.

Араларында балдар менен аялдар да болгон  качкындар жээкке чыгарылды.

Чанаккаленин Айважык районуна жакын жерде да резине кайыктары чөккөн 27 качкын да жээк коопсуздук күчтөрү тарабынан куткарылды.

Грециянын Лесбос аралына барууга аракет кылган 27 качкын болгон резина кайык бензин багынын күйүп кетии менен суу ала баштаган.

Бир канча убакыттан кийин кайыктагы  24 качкын куткаруучу желектер менен сууга секирип жардам күтө баштаган. Качкындардын жерин аныктаган Жээк коопсуздук командирлигинин топтору кыска убакытта 27 кишини куткарды.

Жээк коопсуздук кайыгына алынган качкындар Күчүккуюу районуна алып барылды.



Тектеш кабарлар