Йенс Столтенберг : "Түркия НАТО үчүн абдан маанилүү"

Столтенберг француз «Le Figaro» гезитине интервью берди.

1310616
Йенс Столтенберг : "Түркия НАТО үчүн абдан маанилүү"

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг  Түркиянын НАТО үчүн абдан маанилүү өлкө экендигин белгиледи. Столтенберг француз «Le Figaro» гезитине интервью берди.

Франциянын президенти Эмануэль Макрондун : «НАТОнун мээ өлүмү болду» деген анализин карап чыккан Столтенберг : «НАТО коопсуздук темаларында турмуштук мааниге ээ болуп жатат. Күн сайын бир миллиардга жакын кишини коргоп жана коргонууга карата эң чоң салымын ондогон жылдардан бери улантып муну далилдеди»,- деди.

«Тынчтык булагы» операциясына да токтолгон Столтенберг : «Түркия союздаштарынын базаларын колдонуусуна уруксат берип,  ДЕАШ террордук уюм менен күрөшүүгө кошулду. Түркия НАТОнун негизинде  Сирия жана Ирак менен чек арадагы бир гана өлкө. 3,6 миллион качкынды алды. Түркия НАТО үчүн абдан маанилүү. Муну түшүнүү үчүн картага кароо керек жана Түркиянын геостратегиялык абалын иликтөө жетерлик»,- деди.

Столтенберг НАТО жана Европа Биримдигинин бири биринин атаандашы эмес экендигин, экөөсүнүн бирөөсүн тадоо сыяктуу нерсе болбош керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар