Ирактын түндүгүнө абадан операция жүргүзүлдү
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн аба операциясы менен жикчил ПКК террордук уюмдун мүчөсү 5 террорист жок кылынды.
1271172
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн аба операциясы менен жикчил ПКК террордук уюмдун мүчөсү 5 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда 27 - майда башталган «Чеңгел» операциясы менен координациялуу түрдө Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагына абадан операция жүргүзүлдү.
ПКК террордук уюмуна таандык курал буктурмасы, баш калкалоочу жерлер жардырылган операцияда ПККнын 3 террористти жок кылынды.
Ийгиликтүү улантылып жаткан «Чеңгел – 3» операциясынын негизинде Хафтанин аймагына жасалган аба операциясында да ПККнын 2 террористти жок кылынды.
Бир тараптан Битлис элетинде жүргүзүлгөн аба операциясында 2 террорист куралдары менен бирге жок кылынды. Аймакта операциялар улантылууда.