Ирактын түндүгүнө абадан операция жүргүзүлдү

«Чеңгел-3» операциясынын алкагында Зап аймагына абадан операция жүргүзүлдү.

1271421
Ирактын түндүгүнө абадан операция жүргүзүлдү

Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагына жүргүзүлгөн абадан операцияда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин маалыматына караганда, уланып жаткан «Чеңгел-3» операциясынын алкагында Зап аймагына абадан операция жүргүзүлдү.

Террористтерге таандык баш калкалоочу жайлар жана курал-жарак сактоочу кампалар атылган операцияда, жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Бир тараптан акыркы төрт айдын ичинде 111и «Чеңгел» операциясында болуп жалпы 417 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди. 



Тектеш кабарлар