Ирактын түндүгүнө операция жүргүзүлдү

Бул туурасында Улуттук коргонуу министрлиги билдирди.

1167176
Ирактын түндүгүнө операция жүргүзүлдү

Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Ирактын түндүгүнө абадан жүргүзгөн операциясында жикчил террордук уюм ПККнын курал сактоочу кампалары, баш калкалоочу жайлары жана ок-дары сактаган кампалары атылды.

Улуттук коргонуу министрлигинин Твиттер барагынан бөлүшүлгөн жарыясында, Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагына абадан операция жүргүзүлгөнү маалымдалды. 

Билдирүүдө «Абадан жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында жикчил террордук уюм тарабынан колдонулган курал сактоочу кампалары, баш калкалоочу жайлары жана ок-дары сактаган кампалары жок кылынды» деген маалымат берилди.



Тектеш кабарлар