Измирдеги жер титирөөнүн кесепети

Аймакта уранды астында калгандарды куткаруу иштери уланып жатат.

1519358
Измирдеги жер титирөөнүн кесепети

Измирдин Сеферихисар районунда болгон 6,6 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 35ке жетти.

Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD), кечээ Түркия убактысы боюнча саат 14:51де Эгей деңизинде, Измирдин Сеферихисар районунун 17 чакырым жээгинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.

Жер титирөөнүн 16,54 чакырым тереңдикте болгондугу белгиленди.

Жер титирөөдөн кийин шаардын жалпысында көп сандаган имараттар да жабыркады.

Аймакта уранды астында калгандарды куткаруу иштери уланып жатат.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Измирдеги жер титирөөгө байланыштуу билдирүү жасап: «35 жараныбыз каза болду. Алардын 7и реанимацияда, 243 адам болсо дарыланууда»,- деди.



Тектеш кабарлар