Калын Түркиянын Идлибдеги чийининин Сочи меморандумуна кайтылышы болгонун маалымдады

Президенттик аппараттын басма сөз катычысы Ибрахим Калын,кечээки кабинет жыйналышы уланып жатканда маалымат берип, суроолрго жооп берди.

1362464
Калын Түркиянын Идлибдеги чийининин Сочи меморандумуна кайтылышы болгонун маалымдады

Президенттик аппараттын басма сөз катычысы Ибрахим Калын, Түркиянын Сириянын Идлиб аймагы тууралуу негизги чийининин Сочи меморандумуна кайтылышы болгонун айтты.

Ибрахим Калын, кечээки кабинет жыйналышы уланып жатканда маалымат берип, суроолрго жооп берди.

Сирияда жана өзгөчө Идлибде болуп жаткан абалдардын, күн тартиптин үстүңкү катарында орун алганын баса белгилеген Калын, Орусия менен ишмби күнүөн бери делегациялар аралык жолугушуулар өткөнүн эске салды.

«Идлибде негизги чийинибиз (Орусия менен 2018-жылы түзүлгөн) Сочи меморандумуна дароо кайтылышы, мындан мурда чичими чыгарылган Идлиб ок атышпоо аймагынын чек араларынын кайрадан негиз кылынып, өзгөчө аскердик чалгындоо пункттарыбыз жана жарандардын корголушу үчүн керектүү кадамдардын ташталышы. Бул темада жолдошторубуздун ар түрдүү сүйлөшүүлөрү жана жолугушуулары болду. Бүгүндөн тарта чыккан чечим бул сүйлөшүүлөрдүн улантылышы багытында болду»,-деди.

Делегациялар аралык жолугушууларда жаңы күн болобу? Лидерлердин жолугушуусу болобу? деген суроолорго Калын: «Ушул убакка дейре сүйлөшүүлөрдөн бизди канагаттандыраарлык жыйынтык чыккан жок. Бизге сунушталган кагазды жана картаны биз кабыл алган жокпуз. Албете сүйлөшүүлөр улантылат. Булар жалгыз сүйлөшүүлөр жолу менен чечиле турчу нерселер»,-деди.

Түркиянын Сириянын же башка бир өлкөнүн бир карыш жерине көз артпаганын дагы бир жолу баса белгилеген Калын, бирок Сирияда жүз миңдеген адам набыт кылынып жатканда, миллиондогон адам качкын абалга айландырылып жатканда Түркиянын же эл аралык коомчулуктун колу буту байлангансып олтурушу, эч нерсе болбогонсуп мамиле кылуусу элестетиле албай турганын айтты.

Катчы Калын: «Аскерибизге карай кандайдыр бир кол салуу, тийишүү болгон учурунда өткөн апталарда болгону сыяктуу мындан кийин дагы катуу түрдө жооп кайтарыла турганынан эч ким шек санабасын»,-деди.



Тектеш кабарлар