Кара деңизде табылган жаратылыш газы 2023-жылдын март айында колдонула баштайт

Анадолу агенттиги (AA) редакциясынын коногу болгон министр Дөнмез, күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

1866567
Кара деңизде табылган жаратылыш газы 2023-жылдын март айында колдонула баштайт

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Кара деңизде табылган жаратылыш газынын 2023-жылдын март айында колдонула баштай турганын айтты.

Анадолу агенттиги (AA) редакциясынын коногу болгон министр Дөнмез, күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

«Абдүлхамид Хан» бургулоочу кемесинин Кара деңизде 45-60 күн иштөө убактысына ээ болоорун билдирген Дөнмез: «Биз бургулоо иштерин ушул убакытта бүтүрөбүз. Эгер ачылыш табылса, жакшы кабарды элибиз менен бөлүшөбүз»,-деди.

Дөнмез Түркиянын энергетика флотунда «Абдулхамид Хан» менен биргеликте 4 бургулоочу кеменин бар экенине көңүлдөрдү буруп: «Берки бургулоочу кемелерибизге окшош көптөгөн өзгөчөлүктөргө ээ болушу менен бирге «Абдулхамид Хан» биз колдонгон биринчи кеме болот. Дүйнөдө өз тармагында 5 кеме бар. 12 миң 200 метрге чейин бургулай алат»,-деп айтты.

Дөнмез, Кара деңизде табылган жаратылыш газы боюнча изилдөөлөрдүн да уланып жатканын жана 2023-жылы бүтүрүүгө карата жылыштар болгондугун белгиледи.

Министр Дөнмез терең деңиз бургулоолору жагынан дүйнөдө мындай масштабдагы бир долбоордун ишке аша электигине көңүл буруп: «Биз кудум Кара деңиздин 2200 метр түбүндө энергетикалык база куруп жатабыз. Бир четинен экинчи четине 12 чакырым, беркисинен 8 чакырымдык коридордо жер астындагы гиганттык түзүлүштөрдү кемелерден түшүрүп жатабыз. Аларды суу астындагы роботтор менен кудуктардын башына орнотуудабыз. 120 километр тереңдиктеги түтүктөрдү төшөө иштери аяктады. 50 чакырымдык бөлүгү калды. 2023-жылдын биринчи чейрегинде март айында буюрса биз бул газды колдонгон болобуз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар