Хулуси Акар : "Эгей жана Жер Ортолук деңизинин достук деңизи болушун каалайбыз"

Акар кечээ Анадолу медиасынын биргелешкен берүүсүндө "Анадолу сурайт" программасынын түз эфирине катышып күн тартибине байланыштуу  суроолорго жооп берди.

1866902
Хулуси Акар : "Эгей жана Жер Ортолук деңизинин достук деңизи болушун каалайбыз"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар : "Тынчтык жана туруктуулук үчүн Эгей жана Жер Ортолук деңизинин достук деңизи болушун каалайбыз",- деди. 

Акар кечээ Анадолу медиасынын биргелешкен берүүсүндө "Анадолу сурайт" программасынын түз эфирине катышып күн тартибине байланыштуу  суроолорго жооп берди. 

Түркиянын күчтүү, ишенимдүү союздаш экендиги баары тарабынан билиниши керектигин айткан Акар : "Тынчтык жана туруктуулук үчүн Эгей жана Жер Ортолук деңизинин достук деңизи болушун каалайбыз. Биз Түркиянын жана Кипрдеги боордошторубуздун укугун, кызыкчылыгын коргоодо чечкиндүүбүз",- деди. 

Акар бир кылым мурда Грециянын карасанатай баскынчылык аракетин жана ырайымсыздыгын токтоткон Улуу Жеңиштин 100 жылдыгы белгилене турганын эске салып, Грециянын тарыхтан сабак алып, көңүл калууга алып келе турган жаңы жоруктарга барбашы керектигин баса белгиледи.

Акар Сирияга карата ыктымалдуу террор менен күрөшүү кыймылына баланыштуу берилген суроого аймакта террористтерге эч кандай орундун жок экендигин жана  боло тургандарга каршы шартсыз жана кыймылсыз калышпай тургандарын баса белгиледи. 

Сирия жерлеринен жикчил террордук уюмдун мүчөлөрүнүн чыгарылышы тууралуу Америка жана Россия менен келишимге кол койгондорун жана бул эки өлкөнүн келишимге баш ийиши керектигин айткан Акар : "Өзгөчө акыркы учурларда  Тель Абяд жана Манбиж аймагында кол салуулар көбөйдү. Ал жер террор уясына айланды. Бул кол салуулар болгон сайын буларга  жооп кайтардык жана жооп кайтара беребиз",- деди. 

Түркиянын Россия  -  Украина согушунун башынан бери эки өлкө менен диалог ичинде болгондугун белгилеген Акар Монтре келишиминин алкагында Кара деңизге чектеш өлкөлөрдүн тынчтыкта ​​жашашы үчүн аракет кылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар