Хулуси Акар : "Жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында террор мамлекетин куруу кыялы бүттү"

Улуттук коргоо министри  Хулуси Акар Түркия Улуттук Парламентинин План жана Бюджет Комиссиясында министрликтин 2020 – жылдагы бюджетин билдиргенден кийин депутаттардын суроолоруна жооп берди.

1310630
Хулуси Акар : "Жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында террор мамлекетин куруу кыялы бүттү"

Улуттук коргоо министри  Хулуси Акар  чек аранын ары жагында жүргүзүлгөн операция менен Сириянын түндүгүндө террордук коридор, террор мамлекетин куруу кыялынын акырына чыгарылгандыгын айтты. Акар Түркия Улуттук Парламентинин План жана Бюджет Комиссиясында министрликтин 2020 – жылдагы бюджетин билдиргенден кийин депутаттардын суроолоруна жооп берди.

«Оперциялар менен чек ара аймактарыбызда коопсуздук түзүлдү»,- деген Акар 400 миңден ашуун сириялыктын үйүнө кайткандыгын белгиледи. Бир тараптан : «Орусиядан алынган С  - 400 коргонуу системасы иштейби»,- деген суроого Акар : «Иштейт. Орнотуу жана окутуу иш чаралары бүткөндө пландаган ишибиз эмне болсо ошону ишке ашырабыз»,- деди.

Акар өзгөчө Түркияга Ф  - 35тердин төртөөсүнүн тапшырылгандыгын, бирөөсүнүн болсо тапшырылуу үчүн гаражда күтүп жаткандыгын эске салды.

Хулуси Акар Малатияда Ф  - 35тер жайгаштырыла турган жердин да белгиленгендигин айтып президент Р. Т. Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамп сүйлөшкөндөн кийин эки өлкөнүн ортосунда бул маселеге байланыштуу делегациянын түзүлүшүнө чечим чыгарылгандыгын эске салды.



Тектеш кабарлар