Кол салууга даярданган 4 террорист кармалды
Террористтер жашырынган үйлөргө десанттар тарабынан операция жүргүзүлдү.
Сириянын Тель-Абьяд шаарында кол салууга даярданган террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө 4 террорист кармалды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймактагы Тель-Абьяд шаарында террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө террористтер жашырынган үйлөргө десанттар тарабынан операция жүргүзүлдү.
Кол салууга даярданган террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө 4 террорист кармалган операцияда, 3АК-47 жөө аскер мылтыгы жана буларга таандык 15 дүрмөт, бир пистолет, бир жарылуучу жилет, 13 компютер, 3 миллион 990 миң сирия акчасы жана көп сандаган ок-дары табылды.
Билдирүүдө табылган ок-дарылардын бир бөлүгүнүн курал тешүүчү өзгөчөлүктө экендиги жана 3 АК-47 мылтыгынын ок атууга даяр абалда тургандыгы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.