"Коопсуз аймак тууралуу кечеңдетүү боло турган болсо АКШ менен бирге иштебейбиз"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Сириянын саясий жана жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөткөнүн айтты.

1273145
"Коопсуз аймак тууралуу кечеңдетүү боло турган болсо АКШ менен бирге иштебейбиз"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар АКШ менен бирге жүргүзгөн коопсуз аймак тууралуу : «Сүйлөшүү жана бирдикте иш алып барууларды максаттарыбызга ылайык болсо улантабыз. Кечеңдетүү боло турган болсо бул иштер акырына чыгат»,- деди.

Хулуси Акар кечээ башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер жана күч командирлери менен улуттук коргоо министрлигинде өткөрүлгөн Ардагерлер күнү аземине катышып сөз сүйлөдү. Акар сөзүндө Түркиянын Евфраттын чыгышында 30 – 40  - километр ичкериде оор куралдардан жана террористтерден тазаланган коопсуз аймак, тынчтык коридорунун курулушу максат кылынгандыгын белгилеп : «Урматтуу президентибиздин маалымат жана жолдомосунун негизинде максат жана принциптерибизди башынан бери өнөктөштөрүбүзгө ачыкча айтып келдик. Мындан мурда Манбижде, Раккада кылгандарын билебиз. Ошол эле нерселердин дагы бир жолу кайталанышын каалабайбыз. Сүйлөшүү жана биргеликте иш алып барууну максаттарыбызга ылайык болсо улантабыз. Алаксытуу, кечеңдетүү боло турган болсо бул иштер бүтөт. Даярдыгыбызды көрдүк. Керек болгон учурда Б планыбыз да В планыбыз да даяр»,- деди.

Түркиянын Сириянын саясий жана жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөткөнүн да баса белгилеген Акар : «Бул жерде  террор коридорунун курулушуна эч качан уруксат бербейбиз. Акыркы максатыбыз Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГ террордук уюмду жок кылуу, бул жерде тынчтык коридорун куруу менен өлкөбүздөгү сириялык конокторубуздун өз жерлерине кайтышына мүмкүнчүлүк түзүү»,- деди. Сөзүндө Ирактын түндүгүндө башталган «Чеңгел» операциясынын да улантылып жаткандыгына токтолгон Акар : «Эми «Ченгел– 3» операциясын кеңейтип жатабыз. Десанттык бөлүктөрүбүз аймакта. Операцияларыбыз улантылат»,- деди.

Ошондой эле Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде булактарды адилеттүү бөлүшүү тууралуу принциптүү мамиле кылгандыгын белгилеген Акар : «1974 -  жылы кипрдык бир туугандарыбыздын укугун кандай коргогон болсок бүгүн да ошол эле чечкиндүүлүктү улантуудабыз. Кепил өлкө катары эл аралык укуктун негизинде кипрдык бир туугандарыбыздын жана өзүбүздүн укугубузду коргоону улантуудабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар