Кытай Түркия менен "стратегиялык кызматташууну арттырууга" басым жасады

Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал Пекиндеги Congnanhay конок үйүндө Кытай мамлекеттик кеңешичиси жана тышкы иштер министри Ванг тарабынан кабыл алынды.

1202716
Кытай Түркия менен "стратегиялык кызматташууну арттырууга" басым жасады

Кытай мамлекеттик кеңешчиси жана тышкы иштер министри Ванг Йи Түркия жана Кытайдын жогорулаган базарлары жана өнүгүп келе жаткан маанилүү өлкөлөр экендигин белгилеп : «Азыркы эл аралык шарттарда Түркия жана Кытайдын стратегиялык координация, кызматташуу жана консенсусту арттыруусу маанилүү»,- деди.

Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал Кытай сапарынын негизинде борбор шаар Пекиндеги Congnanhay конок үйүндө Кытай мамлекеттик кеңешичиси жана тышкы иштер министри Ванг тарабынан кабыл алынды.

Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө Ванг эки өлкөнүн  орток кызыкчылыктарды бөлүшкөндөрүнө көңүлдөрдү бурду. Ванг өзгөчө Өналдын Кытай сапарынын эки тараптуу карым  - катнаштарынын саясий көлөмү жактан баалуу экендигин белгиледи.

Өнал да Кытай жолугушууларынын түшүмдүү өткөндүгүн айтып, министр Вангды август айында Түркияда боло турган Элчилер конференциясынын программасына чакырды.

Түркиянын Пекин элчиси Абдүлкадир Эмин Өнен да Өналды жолугушууларында коштоду.

 

 



Тектеш кабарлар