Ливия Түркиянын экономикалык колдоосунан мактоо менен сөз кылды

Ливиянын ички иштер министрлигинин берген маалыматына караганда Башага Түркиянын Триполи элчиси Серхат Аксен менен борбор шаар Триполиде жолугушту.

1166397
Ливия Түркиянын экономикалык колдоосунан мактоо менен сөз кылды

Ливия улуттук макулдашуу өкмөтүнүн ички иштер министри Али Фетхи Башага Түркиянын өлкөсүнө берген колдоосунан мактоо менен сөз кылды.

Ливиянын ички иштер министрлигинин берген маалыматына караганда Башага Түркиянын Триполи элчиси Серхат Аксен менен борбор шаар Триполиде жолугушту.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар сөз болгон жыйында Башаганын Түркиянын Ливиянын коопсуздук жана экономикасына берген колдоодон мактоо менен сөз кылгандыгы белгиленди.

Жолугушууда элчи Аксен да борбор шаар Триполи жана тегерегинде өзгөчө коопсуздук жаатында ички иштер министрлиги көрсөткөн аракет жана калбына келтирүүнүн маанисин белгиледи.

Нефтиге бай араб өлкөсү Ливияда 2011 -  жылдан бери болуп келе жаткан саясий жана коопсуздук кризистер өлкөнү ыраатсыз бир түзүлүшкө жетеледи.

Эки башка башкарунун кыпчуурунда болгон өлкөдө бирөөсү борбор шаар Триполиде башкарууга ээ болууга аракет кылган Улуттук Макулдашуу Өкмөтү, бирөөсү эс алуудагы генерал Халифе Хафтердин куралдуу күчтөрү менен колдоого алынган Тобруктагы өкүлдөр парламенти.



Тектеш кабарлар