Мамлекеттик Кеңештин Аясофия тууралуу чечимине дүйнө колдоо көрсөтүүдө

Палестинада Хамас кыймылы Аясофиянын ибадатка ачылышына байланыштуу чыгарылган чечимден мактоо менен сөз кылды.

1453178
Мамлекеттик Кеңештин Аясофия тууралуу чечимине дүйнө колдоо көрсөтүүдө

 Палестинада Хамас кыймылы Аясофиянын ибадатка ачылышына байланыштуу чыгарылган чечимден мактоо менен сөз кылды.

Хамастын өлкө тышы басма сөз офисинин төрагасы Рафет Мурра берген жазуу түрүндөгү маалыматында : «Аясофиянын ибадатка ачылышы бүткүл мусулмандар сыймыктана турган бир кадам»,- деди.

Аясофиянын ибадатка ачылышы тууралуу чечимдин эгемендик укук экенин белгилеп, Түркиядан мактоо менен сөз кылган Мурра ташталган кадамдын Түркия башкаруусунун өзүнө болгон ишеними, Түркиянын орду жана ишенимдүү жер экенин көрсөткөнүн баса белгиледи.

Малайзия Мусулман Жаштар Кыймылынын төрагасы Мухаммед Файсал Абдул Азиз чыгарган чечиминен улам Түркияны куттуктап : «Фатих Султан Мехмед Аясофияны менчик мүлк кылып алган. Бүгүн Аясофия негизги милдетине кайтты»,- деди.

Малайзиянын Ислам  уюмунун Консультативдик Кеңешинин төрагасы Мохд Азми Хамид берген жазуу түрүндөгү маалыматында Түркиянын Аясофияны кайрадан ибадатка ачуу чечиминен улам куттуктады. Мохд Азми : «Түркиянын Аясофияны кайрадан мечитке айландыруу укугу  эч бир тышкы өлкөлөр тарабынан териштирилбеши керек»,- деди.

Катардагы Аль Жазира телкекөрсөтүүсүнүн мурунку директору жана Еш  -  Шарк форумунун төрагасы Ваддах Ханфер : «Аясофия чечими тарых менен кайрадан байланышка өтүү учуру»,- деп мүнөздөдү.

Мовританиялык окумуштуу Мухаммед Мухтар Шанкыти твиттерден берген маалыматында Аясофиянын ибадатка ачылышынан улам ислам ааламын куттуктаганын белгиледи.

Алжирдик журналист Сиба Медвар да Аясофияны ибадатка ачуу чечими тууралуу берген маалыматында Түркияны бул тарыхый чечиминен улам куттуктады.

Кувейттик жазуучу Жасим ел  - Гайс : «Дүйнөнүн түрдүү жерлеринде мусулмандар аталары Фатих Султан Мехмед мечит катары ибадатка ачкан Аясофиянын мечитке айландырылышынан улам кубанычтарын бөлүшүүдө»,- деп кубанычын билдирди.

Алжирдик журналист Абдулкадир Бин Халид да : «Аясофияда кайрадан азан үндөрү угалат. Мусулмандар Аясофиянын кайрадан ибадатка ачылышы менен намаз окуу үчүн бул жерде чогулушат»,- деди.



Тектеш кабарлар