Мевлана музейи зыяратчы санында рекордго жетти

Кониядагы Мевлана музейи өткөн жылы 3 миллион 464 миң киши менен акыркы 10 жылдагы эң жогорку зыяратчы санына жетти.

1362601
Мевлана музейи  зыяратчы санында рекордго жетти

Дүйнөлүк машстабда  кызыгууларды тарткан ислам ойчулу Мевлана Желаледдин  - и Руминин күмбөзү болгон Кониядагы Мевлана музейи өткөн жылы 3 миллион 464 миң киши менен акыркы 10 жылдагы эң жогорку зыяратчы санына жетти.

Жыл сайын дүйнөнүн төрт тарабынан келген миллиондогон турис зыярат кылган, тарых, маданият жана дин туризми жактан маанилүү бир потенциалга ээ Мевлана музейи жалпы Түркияда өткөн жылы Аясофия музейинен кийин 3 миллион 464 миң киши менен эң көп зыяратчы келген экинчи музей болду.

Биринчи орунда ирандык, кытайлык, тайвандык, америкалык жана түштүк кореялык болгон дээрлик ар бир улуттан ар бир киши өзгөчө кызыгуу менен кыдырган мүзейди 2010 -  жылы 1 миллион 644000 , 2011 -  жылы 1 миллион 733000, 2012 -  жылы 1 миллион 565000, 2013 -  жылы 2 миллион 47000, 2014 -  жылы 2 миллион 110000, 2015 – жылы 2 миллион 480000 жана 2018 -  жылы 2 миллион 817 000 киши зыярат кылды.

Өткөн жылы 23 пайыздык өсүү менен 3 миллион 464 000 киши зыярат кылган Мевлана музейи акыркы 10 жылдын эң жогорку зыяратчы саны менен өз рекордуна жетишти.

 



Тектеш кабарлар