Мевлют Чавушоглунан С - 400 тууралуу билдирүү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусиядан алына турган С  - 400 абадан коргоо системаларынын текшерүүсүнүн Түркияда болорун айтты.

1202713
Мевлют Чавушоглунан С  - 400 тууралуу билдирүү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусиядан алына турган С  - 400дүн абадан коргоо системаларынын текшерүүсүнүн Түркияда болорун айтты.

Чавушоглу Латвияга жасаган расмий сапарынын негизинде  кесиптеши Эдгарс Ринкевич менен биргелеше пресс  - жыйын өткөрдү.

Пресс  - жыйында С  - 400дөр тууралуу маалыматтарды берген Чавушоглу АКШнын С  - 400дөрдүн Ф  - 35 аскердик учактарына коркунуч туудурду деген сөздөргө жооп берди. Чавушоглу : «Сирияда орустардын текшерүүсүндө С  - 400дөр бар. Американын учактары Израиль  Ф  - 35тери бул аймакта учууну улантууда. Норвегия чек арасында да С  - 400 жайгаштырылды жана бул жерде Норвегия Ф  - 35тери учууда»,- деп АКШнын айткандарынын чындыкты чагылдырбагандыгын баса белгиледи. Бул тууралуу техникалык адистердин баа берүүсү керектигин айткан Чавушоглу : «Биз америкалыктарга жана НАТОго сунуш билдирдик. Биргеликте техникалык иш алып баруу группасынын курулушун сунуш кылдык. Бул баа берүүнү өздөрүнүн жасашын, бул группанын табылгаларын биз менен бөлүшүүсүн кааладык жана союздашыбыз АКШнын  айткандарын карап чыгышын сурандык»,- деди.



Тектеш кабарлар