Мевлүт Чавушоглу : "Британия менен эркин соода келишимине кол коюга абдан жакынбыз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Британия менен өнөр жай продукциялары, айыл – чарба продукциялары жана тейлөөнү камтыган эркин соода келишимине кол коюуга абдан жакын экенин айтты.

1452847
Мевлүт Чавушоглу : "Британия менен эркин соода келишимине кол коюга абдан жакынбыз"

 Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Британия менен өнөр жай продукциялары, айыл – чарба продукциялары жана тейлөөнү камтыган эркин соода келишимине кол коюуга абдан жакын экенин белгиледи.

Чавушоглу шаршемби күнү Лондонго жасаган сапарында Financial Timesка  берген маегинде эки тараптын ортосунда принцип келишими тууралуу эч  бир пикир айырмачылыгынын болбогонун бирок кээ бир техникалык темаларга акыркы формасынын берилиши керектигин белгиледи.

Эркин соода келишими тууралуу сүйлөшүүлөр үчүн : «Мыкты баратат жана жыйынтыктоого абдан аз калды»,- деген Чавушоглу : «Эки тараптуу соодабыздын көлөмүнө карай турган болсок мунун 95 пайызын өнөр жай продукциялары түзүүдө жана бул тууралуу макулдаштык. 5 пайызы айыл  - чарба продукциялары жана тейлөөлөрдөн турат»,- деди.

Британиянын Түркиянын «стратегиялык союздашы» экенине басым жасаган Чавушоглу Британия менен Брекситтен кийинки мезгилде эки тараптуу сооданы арттырууга чечим чыгарышкандарын, ушунун негизинде  20 миллиард долларлык бир максатты белгилешкендерин айтты.  

Чавушоглу эркин соода келишими менен бирге түрк жарандарынын Британияда иш курушуна мүмкүнчүлүк түзгөн Анкара келишимине окшогон башка бир келишим тууралуу сүйлөшкөндөрүн да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар