Мевлүт Чавушоглу элчилердин 13 - конференциясынын акырыкы күнүндө жабылуу сөзүн сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швеция жана Финляндиядан жетекчилер менен 26 -  августта жыйын өткөрүлөрүн айтты.

1866934
Мевлүт Чавушоглу элчилердин  13 -  конференциясынын акырыкы күнүндө жабылуу сөзүн сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Швеция жана Финляндиядан жетекчилер менен 26 -  августта жыйын өткөрүлөрүн айтты. Мевлүт Чавушоглу кечээ борбор шаар Анкарада элчилердин  13 -  конференциясынын акыркы күнүндө жабылуу сөзүн сүйлөдү. 

Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процссеси тууралуу бул өлкөлөр менен кол коюлган үчтүк келишимге токтолгон Чавушоглу  тараптардын сөзү болгон доументте жана билдирүүлөрү менен убада кылгандарын азырынча орундата электигин, бул багытта ташталган кадамды көрүшпөгөндөрүн белгиледи. 

Чавушоглу Швеция жана Финляндиядан билдирүүлөрдүн жасалгандыгын жана тиешелүү тараптардын жакшы ниетте экенин айтканын, бирок Түркиянын бул эки өлкөдөн конкреттүү кадамдарды көрүүнү каалаганын тынымсыз билдиргендигин айтты.

Швеция жана Финляндиянын сунушу менен аталган келишимге байланыштуу ташталышы керек болгон конкреттүү кадамдарды ээрчий турган механизм түзүлгөнүн белгилеген Тышкы иштер министри : "Июль айында да жолугушуу сунушун билдирдик, анткени эртерээк кандай кадамдар ташталды, ташталган жок, эмне себептен ташталган жок буларды көрүүнү каалайбыз. Террор менен күрөшүүдө албетте убакыт боюнча кысым бар бирок натыйжада НАТО мүчөсү  болууну каалаган алар. Алар да  август айын сунуш кылышты жана 26 -  августта бул механизмдин  биринчи жыйынын өткөрүшөт",- деди. 

 



Тектеш кабарлар