Мевлүт Чавушоглу Сирия Күрт Улуттук Кеңешинин делегациясы менен жолугушту
Министр Чавушоглу : "Күрттөргө эң көп зыянын тийгизген ПКК/ЙПГ террордук уюм экендигин баса белгиледик»,- деди.
1362697
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сирия Күрт Улуттук Кеңешинин делегациясы менен жолугушту.
Чавушоглу твиттерден берген маалыматында Сирия Күрт Улуттук Кеңешинин делегациясы менен борбор шаар Анкарада жолугушкандыгын белгиледи.
Министр Чавушоглу : «Сириялык күрттөрдүн мыйзамдуу өкүлү Сирия Күрт Улуттук Кеңешинин делегациясы менен жолугуштук. Сирия Улуттук Коалициясынын ичиндеги жана саясий процесстеги ролун колдогондугубзду белгиледик. Күрттөргө эң көп зыянын тийгизген ПКК/ЙПГ террордук уюм экендигин баса белгиледик»,- деди.