Министр Чавушоглу Давосто ири фирмалардын төрагалары менен жолугушуу өткөрдү

Чавушоглу, кайрадан Азияга байланышуусун түшүндүргөн жыйналышта Түркия, Азербайжан жана Грузиянын транспорт жана энергетика коопсуздугу туурасында жүргүзгөн биргелешкен иш-аракеттер жана долбоорлорго да токтолду.

1345359
Министр Чавушоглу Давосто ири фирмалардын төрагалары менен жолугушуу өткөрдү
çavuşoğlu davos 2.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Швейцариянын Давос кыштагында өтүп жаткан 50-Дүйнөлүк Экономикалык форумда Азербайжандын мамлекеттик мунай зат фирмасынын төрагасы Рөвнег Абдуллаев менен жолукту.

Министр Чавушоглу айрыкча Швейцариянын адилет жана миграция министри Карин Келлер Суттер жана Руанданын тышкы иштер министри Винсент Бирута менен өз-өзүнчө жолугушту.

Жолугушууларда эки тараптуу жана аймактык темалар каралганы белгилүү болду.

Мевлүт Чавушоглу Швейцариянын Давос кыштагында өтүп жаткан 50-Дүйнөлүк Экономикалык форумда Алибаба тобу жана Махиндра тобунун төрагалары менен дагы жолукту.

Министр Чавушоглу, Алибаба тобунун төрагасы Майкл Эванс жана Махиндра тобунун төрагасы Ананд Махиндра менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрдү.

Алынган маалыматтарга караганда министр Чавушоглу, жолугушууларда Алибаба тобу жана Махиндра тобунун төрагалары менен Түркияга инвестиция пландарын карап чыгышты.

Чавушоглу айрыкча, «Евразия үчүн жаңы көз караш-туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүктөр жыйналышына» катышты.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Грузиянын премьер-министри Георгий Гахария катышкан жыйналыш жабык эшик артында өттү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда министр Чавушоглу, Евразиянын борборунда орун алган өлкө катары Түркиянын «Жогорулаган Азия материгине» карай көз карашы туурасында маалымат берди.

Чавушоглу, кайрадан Азияга байланышуусун түшүндүргөн жыйналышта Түркия, Азербайжан жана Грузиянын транспорт жана энергетика коопсуздугу туурасында жүргүзгөн биргелешкен иш-аракеттер жана долбоорлорго да токтолду.

Бир тараптан социалдык медиа барагында жыйналыш тууралуу маалымат берген Чавушоглу: «Евразия үчүн жаңы көз караш жыйналышында 21-кылымдын Азиянын өнүгүү доору болгонун баса белгиледик»,-деди.

Чавушоглу, Азиянын кайрадан дүйнөнүн басымдуу борборуна айланганын баса белгилеп, «Түркия Евразиянын борборунда орун алат. «Кайрадан Азия» демилгебиз өлкөбүздү Азия доорунда туура жерге жайгаштырат»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар