Мустафа Шентоп Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик тармагынын Баку конференциясына катышуу үчүн барган Азербайжанда президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды.

1850429

Азербайжан президенттигинен берилген маалыматка караганда, Шентоп Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик тармагынын Баку конференциясынын маанисине токтолуп, Азербайжандын кыймылга ийгиликтүү жетекчилик кылгандыгын айтты.

Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы парламенттер аралык карым  - катнаштардын жогорку деңгээлде экендигин баса белгилеген Шентоп Түрк  Мамлекеттери Уюму жана ТҮРКПАнын негизинде кызматташуунун маанисине көңүлдөрдү бурду.

Жолугушууда 2019 -  жылы Бакуда өткөрүлгөн Кошулбоо Кыймылынын саммитине  Азербайжандын атайын чакыруусу менен Түркиянын кошулушунун мааниси баса белгиленди.

Президент Алиев Азербайжандын Кошулбоо Кыймылынын дагы да өнүгүшүнө, институтташына чоң маани бергендигин жана бул багытта айрым демилгелерди көтөргөндүгүн айтты.

Жолугушууда 2 -  Карабах согушунда Кошулбоо Кыймылына мүчө мамлекеттердин БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Азербайжанга берген колдоонун маанисине көңүл бурулду.

Тектеш кабарлар