Нигерияда кол салууга дуушар болгон кемеде курман болгон адамдын сөөгү Либревилге жеткирилди

Бул тууралуу Түркиянын Либревилдеги элчилиги Твиттердеги эсебинен маалымат бөлүштү.

1571618
Нигерияда кол салууга дуушар болгон кемеде курман болгон адамдын сөөгү Либревилге жеткирилди

Нигериянын жанындагы деңизде кол салууга даашур болгон «Моцарт» кемесинин экипажынан каза болгон азербайжандык кызматкердин сөөгү жеке учак менен Габондун борбору Либревилге өткөрүлдү.

Түркиянын Либревилдеги элчилигинин Твиттердеги эсебинен бөлүшүүсүндө, «Азербайжандык боордошубуздун сөөгү Габондун Президенттиги тарабынан бөлүнгөн жеке учак менен Порт-Жентилден баш калаа Либревилге жеткирилди. Элчи Нилүфер Эрдем Кайгысыз да ушул учакта»,делди.

Бөлүшүүдө ошондой эле элчи Кайгысыздын окуянын башталышынан бери кызматташтыгы жана тилектештиги үчүн Габон бийлигине ыраазычылык билдиргени белгиленди.

«Моцарт» деп аталган Либерия желеги илинген кемеге 23-январда Нигериянын Лагос шаарынан 180 миль алыстыкта ​​деңиз каракчылары кол салышкан.

Лагостон Түштүк Африканын Кейптаун шаарына бараткан кемедеги 19 экипаж мүчөсүнүн бири өлтүрүлүп, 15 адам уурдалган.



Тектеш кабарлар