Октай: «Сребреницада кыргын салгандарды унуткан жокпуз, унутпайбыз»

Октай геноциддин 25 жылдыгына карата билдирүү жарыялады.

1453258
Октай: «Сребреницада кыргын салгандарды унуткан жокпуз, унутпайбыз»

Вице-президент Фуат Октай, 8 миңден ашуун босниялык жаран өлтүрүлгөн Босния-Герцеговинадагы Сребреница геноцидин жасагандарды жана буга көңүл бурбагандарды унутпай тургандарын билдирди.

Октай геноциддин 25 жылдыгына карата өзүнүн социалдык медиа тармагындагы билдирүүсүндө, көз карандысыз Босния-Герцеговинанын биринчи президенти, маркум президент Алия Иззетбеговичтин "Эмне кылсаңар дагы геноцидди унутпагыла. Себеби унутулган геноцид кайталанат» деген сөздөрүнө орун берди.

Октай билдирүүсүндө: «Дүйнө жүзүнүн алдында мен Европанын жүрөгүндө Сребреницада өлтүрүлгөн босниялык бир туугандарымды эскеремин. Чейрек кылым өттү, бирок кайгылары дагы деле жүрөгүбүздө. Биз бул геноцидди жасаган адамдарды жана көрмөксөнгө салгандарды унуткан жокпуз, унутпайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар