Өмер Челик Грециянын президентинин жикчилдик кылганын айтты

Челик социалдык медиа барагы Твиттерден Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун сөздөрүнө каршылык көрсөттү.

1361530
Өмер Челик Грециянын президентинин жикчилдик кылганын айтты

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик дагы Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун Батыш Фракияга сапарында сүйлөгөн сөздөрү тууралуу, «Мусулман Түрк азчылыгына «Мусулман грек азчылык» деп айтылышы жикчил мамиле болуп саналат»,-деп айтты.

Челик социалдык медиа барагы Твиттерден Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун сөздөрүнө каршылык көрсөттү.

«Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун Батыш Фракияга сапарында  «Мусулман Түрк азчылыгына «Мусулман грек азчылык» деп айтышы абдан жаңылыш болуп саналат. Мусулман Түрк азчылыгынын кимлигин четке кагуу айыптала турган мамиле»,-деп бөлүшкөн Челик, Грециянын президентинин демократиялык баалуулуктарды урматтап Мусулман Түрк азчылыгына туура кайрылуусу керектигин билдирди.

Челик, Европа Биримдигине мүчө бир өлкөдө саясатчылардын Мусулман Түрктөрүнүн кимлигине каршы системдүү кол салуулары болушу кабыл алынгыс экенин кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар