Өзбекстандын президенти Түркияга келди
Түркия - Өзбекстан жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташуу кеңешинин биринчи жыйны бүгүн Эрдоган жана Мирзиеевдин жетекчилигинде борбор шаар Анкарада өткөрүлөт.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн жана эртең Түркияда расмий жолугушууларды өткөрөт.
Шавкат Мирзиеевди президенттик сарайында Эрдоган расмий азем менен тосуп алды.
Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматта сапардын негизинде Түркия - Өзбекстан жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташуу кеңешинин биринчи жыйнынын бүгүн Эрдоган жана Мирзиеевдин жетекчилигинде борбор шаар Анкарада өткөрүлөрү белгиленди.
Жолугушууда Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу карым - катнаштардын бардык тарабы менен каралары, стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүккөн кызматташуунун күчтөндүрүлүшү үчүн таштала турган кадамдардын каралары билдирилген маалыматта аймактык жана эл аралык абадар тууралуу да пикир алышууларда болушу күтүлүп жаткандыгы маалымдалды.
Күн тартибинде эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюлушу да болгон сапардын негизинде конок президент Мирзиеевдин эртең президенттиктин Улуттук китепканасынын ачылуу аземине «сыйлуу конок» катары катышары баса белгиленди.
Мирзиеевдин сапарынын негизинде борбор шаар Анкарада түрк ишкерлери менен жолугушуусу да пландалууда.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.