Өзбекстандын президенти Түркияга келет

Мирзиеев Эрдогандын чакыруусу боюнча Түркияга сапар жасайт.

1361677
Өзбекстандын президенти Түркияга келет

Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиеев 19-20-февралда Түркияга сапар жасайт.

Спутниктин кабарына караганда Өзбекстандын Президенттик аппараты «Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиеев президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча 19-20-февралда Түркияга сапар жасайт», деп маалымдады.

Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары Эрдоган менен Мирзиеевдин жетекчилигинде Стратегиялык кызматташтык кеңешинин биринчи жыйыны өткөрүлөт.

Лидерлер саясат, экономика, соода, инвестиция, транспорт, финансы, байланыш, билим берүү, маданият жана гуманитардык тармактарда кызматташуунун келечегин карап чыгып, аймактык жана эл аралык маселелерге байланыштуу пикир алмашышат.

Түркиянын алдыңкы ишканаларынын жетекчилери менен жолугуша турган Мирзиеев, Президенттик аппараттын Улуттук китепканасынын ачылыш аземине да катышмакчы.



Тектеш кабарлар