Президент Эрдоган Аязма мечитин ачты

Эрдоган жума намазынан кийин мечиттин ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1867234
Президент Эрдоган Аязма мечитин ачты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда реставрациясы аяктаган Аязма мечитинин ачылышына катышты.

Президент Эрдоган ибадат үчүн ачылган Аязма мечитинде жума намазын окуду.

Эрдоган жума намазынан кийин мечиттин ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Президент архитектурасы, жайгашкан жери жана көптөгөн өзгөчөлүктөрү менен Стамбулга баалуулук кошкон 261 жылдык Аязма мечитинин реставрациясына салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди.

Эрдоган Аязма мечитинде ушул убакка чейин болуп келгендей эле мындан кийин да  5 маал азандардын, кылынган намаздардын жана окулган дубалардын Алланын алдында кабыл болушун каалады.

 

 

 



Тектеш кабарлар