Президент Эрдоган Албанияга барат

Сапардын алкагында боло турган жолугушууларда стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги Түркия-Албания карым-катнаштары бардык жагынан каралып, кызматташтыкты тереңдетүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.

1763554
Президент Эрдоган Албанияга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган үстүбүздөгү жылдын биринчи чет өлкөгө сапарын Албанияга жасайт.

Президент Эрдоган Албаниянын премьер-министри Эди Раманын чакыруусу менен бүгүн бул өлкөгө барат.

Сапардын алкагында боло турган жолугушууларда стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги Түркия-Албания карым-катнаштары бардык жагынан каралып, кызматташтыкты тереңдетүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.

Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык жана эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашуу болот.

Сапардын алкагында 2019-жылы Албанияда болгон жер титирөө апаатында үйлөрүн жоготкон үй-бүлөлөр үчүн Лач шаарында Түркия тарабынан курулган үйлөрдү тапшыруу аземи да өткөрүлөт.

Президент Эрдоган Тиранада Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан реставрацияланган «Этхем Бей» мечитинин ачылышына катышып, Албания парламентине кайрылат.



Тектеш кабарлар