Президент Эрдоган Албанияга учуп кетти

Президент Эрдоган үстүбүздөгү жылдын биринчи чет өлкөгө сапарын Албанияга жасайт.

1763730
Президент Эрдоган Албанияга учуп кетти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Албаниянын премьер-министри Эди Раманын чакыруусу менен расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Албаниянын борбор шаары Тиранага учуп кетти.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жана Стамбул губернатору Али Йерликая баш болгон делегация Эрдоганды Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан узатты.

Президент Эрдоган үстүбүздөгү жылдын биринчи чет өлкөгө сапарын Албанияга жасайт.

Сапардын алкагында боло турган жолугушууларда стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги Түркия-Албания карым-катнаштары бардык жагынан каралып, кызматташтыкты тереңдетүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.

Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык жана эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашуу болот.

Сапардын алкагында 2019-жылы Албанияда болгон жер титирөө апаатында үйлөрүн жоготкон үй-бүлөлөр үчүн Лач шаарында Түркия тарабынан курулган үйлөрдү тапшыруу аземи да өткөрүлөт.

Президент Эрдоган Тиранада Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан реставрацияланган «Этхем Бей» мечитинин ачылышына катышып, Албания парламентине кайрылат.

 


Этикеткалар: #Албанияга , #Эрдоган

Тектеш кабарлар