Президент Эрдоган Идлибге карата кыймыл кылуунун белгилерин берди

Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын Идлиб  аймагына карата кыймылдын учурдун маселеси экендигин айтты.

1362613
Президент Эрдоган Идлибге карата кыймыл кылуунун белгилерин берди

Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын Идлиб  аймагына карата кыймылдын учурдун маселеси экендигин айтты.

Президент лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Идлибде болгон адамзаттык трагедияга байланыштуу Орусия менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын эске салган Эрдоган : «Сүйлөшүүлөрдө  ушул кезге чейин тилекке каршы каалаган натыйжаны ала албадык.  Сүйлөшүүлөр улантылса да столдо биз каалаган жерден алыс экендиги бир чындык»,- деди.

Президент Идлибде режимге айдын акырына чейин берилген «Сочи меморандумунун чектерине чегинүү» мөөнөтүнүн да аягына чыгып бара жаткандыгын, Түркиянын өз кыймыл пландарын ишке ашыруу үчүн бардык даярдыктарын көргөндүгүн айтты.

«Бул аймактарда башка өлкөлөр Түркиянын коопсуздук санааларына жооп бере албаса өз билгенибизди кылганга мажбур болорубузду ачыкча айтып келе жатабыз»,- деген Эрдоган : «Өлкөбүздүн бул тууралуу чечкиндүүлүгүн эмдигиче түшүнбөгөн режимге жана ага күч бергендерге Идлибди калтырбайбыз. Бул аймактагы абалдардын өлкөбүзгө алып келе тургандарын карап туруу ниетибиз жок. Эмне болсо болсун Идлибди Түркия жана аймак калкы үчүн коопсуз бир жерге айландырууда чечкиндүүбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар