Президент Эрдоган коопсуз аймак үчүн АКШга эки жума мөөнөт берди

Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын түндүгүндө коопсуз аймак тууралуу эки жуманын ичинде бир жыйынтык чыкпаса өз кыймыл пландарын ишке киргизерин айтты.

1271892

Эрдоган Бештепе улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн 2019 – 2020  жогорку билим берүү жылынын ачылуу аземине катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн өзүндө АКШ менен сүйлөшүлгөн коопсуз аймак тууралуу абалдарга токтолду. Эрдоган : «Эки жуманын ичинде бул жерден бир жыйынтык чыкпаса өз кыймыл пландарыбызды ишке киргизебиз. Алдыдагы айларда ортого чыга турган абалдар Сирия кризиси оңойчулук менен чечилип же тереңдешин белгилейт. Евфрат дарыясынын чыгышын коопсуз аймакка алып келүү менен азыр да өлкөбүздө жана Европада жашаган 2 – 3  миллион сириялыкты жайгаштыра алабыз»,- деди.  Эрдоган : «Европа өлкөлөрүнөн Идлиб жана Евфраттын чыгышы тууралуу дагы күчтүү колдоо күтүп жатабыз. Эми жөн агана айтылган сөздөр бизди канааттандырбайт»,- деди.

Тектеш кабарлар