Президент Эрдоган Нооруз майрамдык куттуктоосун жарыялады

Президент Р. Т. Эрдоган жаздын сүйүнчүсү болгон Нооруздун сүйүүнүн жана достуктун майрамы катары майрамдалышын каалады.

1167476
Президент Эрдоган Нооруз  майрамдык куттуктоосун жарыялады

Президент Р. Т. Эрдоган жаздын сүйүнчүсү болгон Нооруздун сүйүүнүн жана достуктун майрамы катары майрамдалышын каалады.

Эрдоган 21 -  Март Дүйнөлүк Нооруз күнөн улам куттуктоо жарыялады.

Президент куттуктоосунда : «Жаздын келиши менен символдошкон, биз үчүн бардык айырмачылыктарды ашып, өткөн күнгө жана келечекке биримдик ичинде ээ чыгуу маанисине келген Нооруз күнү менен куттуктаймын»,- деди.

Эрдоган куттуктоосунда : «Айырмачылыктарды байлык катары көргөн, тынчтык, оптимисттик, сүйүү жана бир туугандык сыяктуу дүйнөлүк баалуулуктар менен жуурулган бир цивилизациянын өкүлү катары биз Нооруздун символу болгон жаңыдан төрөлүү рухуна ар дайым ээ чыга турган, аймактарыбызда жана дүйнөдө болгон тескери абалдарга карата өз тарыхыбыздан алган күч менен күрөшүүнү улантабыз»,- деди.

Жаздын суйүнчүлөөчүсү Нооруздун өлкөнүн ар бир бурчунда жана орток маданий аймагында, бир тууган коомдордо сүйүүнүн жана достуктун майрамы катары белгиленишин каалаган Эрдоган куттуктоосунда : «Молчулуктун жана берекеттин майрамы Нооруздун улуу улутубуз үчүн сулуулуктар жана жакшылыктарды алып келишин каалап, бардык жарандарымды чын жүрөктөн куттуктайм»,- деди.



Тектеш кабарлар