Президент Эрдоган Стамбулга дагы эки оорукана салына турганын маалымдады

Эрдоган, коронавируска чара көрүүлөрдүн алкагында бул аптада да видео конференция ыкмасы менен өткөрүлгөн кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

1392513
Президент Эрдоган Стамбулга дагы эки оорукана салына турганын маалымдады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүүнүн алкагында Стамбулда 2 оорукана салына турганын жарыялады.

Эрдоган, коронавируска чара көрүүлөрдүн алкагында бул аптада да видео конференция ыкмасы менен өткөрүлгөн кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

Пандемияга каршы баскыч-баскыч түрүндө жаңы чечимдерди чыгаргандарын белгилеген Президент: « (Йешилкөй) «Ататүрк» аэропорту жана Санжактепеде миңден кишилик эки оорукана салуудабыз. 45 күндүн ичинде буларды бүтүрөбүз»,-деди.

Күнүгө 20 миңден ашуун кишиде (Ковид-19) тест жасалып маанилүү босогодон өтүлгөнүн белгилеген президент Эрдоган, ооруканаларда диагноз коюу жана дарылоо темасында кандайдыр бир кыйынчылык жок экенин баса белгиледи.

Түркиянын саламаттык сактоо тармагынан азык-түлүккө  жана тазалык каражаттарына чейин жакшы абалда экенин түшүндүргөн Эрдоган: «Мамлекет ушундай күндөр үчүн турат. Көрсөтүлгөн биримдик, ынтымак жана колдошуу үчүн ырахматымды айтамын»,-деди.

Эрдоган, Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн алкагында иштеген жана кызматта тургандардан тышкаркы бардык атуулдардын үйлөрүнөн чыкпоолору камсыздалып адам кыймылдуулугун эң төмөнкү деңгээлге түшүрүү боюнча чечкиндүү экендиктерин белгиледи.

«Бул пандемияны жеңип чыга турган бир гана мүмкүнчүлүккө эмес, ошол эле убакта көңүлдү көтөрүүгө жана чечкиндүүлүккө да ээбиз»,-деп айткан президент Эрдоган сөздөрүн: «Үйдө калып өткөргөн күндөрдө чогулткан энергияны, буюрса жаңы мезгилде дагы көп иштеп, дагы көп өндүрүүгө жумшайбыз»,-деп бүтүрдү.



Тектеш кабарлар