Президент Р. Т. Эрдогандын Сребреница тууралуу билдирүүсү

Президент Эрдоган геноциддин 25 -  жылдыгынан улам өткөрүлгөн эскерүү программасына видео билдирүү менен катышты.

1453353
Президент Р. Т. Эрдогандын Сребреница тууралуу билдирүүсү

 Президент Р. Т. Эрдоган Босния  Герцеговинанын чыгышындагы Сребреницада 1995 -  жылы июль айында болгон геноцидден бери чейрек кылым өтсө да  күйүтүнүн али да болсо жаңы бойдон экенин айтты.

Президент Эрдоган геноциддин 25 -  жылдыгынан улам өткөрүлгөн эскерүү программасына видео билдирүү менен катышты.

Тарыхтын аянычтуу жана уялтуучу беттеринин бири болгон Сребреница геноцидинен бери чейрек кылым өткөс да күйүтүнүн али да болсо жаңы бойдон экенин белгилеген Эрдоган ачыкка чыгарылган  топ киши көмүлгөн ар бир мазардын ал күндөрдү кайрадан эске салганын айтты.

Көз карандысыз Босния  - Герцеговинанын биринчи президенти маркум Алия Иззетбеговичтин : «Геноцидди эч качан унутпагыла, унутулган геноцид кайталанат»,- деген сөздөрүн эске салган Эрдоган : «Шейиттерибизди унутпайбыз, Сребреница геноцидин да унуттурбайбыз. Босниялык бир туугандарыбызга карата иштелген кылмыш жана геноциддин иликтөөчүсү боло турган мыйзам жана адилеттик изденүүсүндө сиздерди эч качан жалгыз калтырбайбыз»,- деди.

Ошончо трагедияга, геноцидге жана көз жашына карабастан европалык саясатчылардын Сребреница геноцидинен сабак албаганын белгилеген Президент ислам душмандыгын көкүткөн, чет элдиктерге каршы чыгууну колдогон сөздөрдүн дагы деле колдонулушу келечек үчүн абдан чоң тынчсыздануунун булагы болгонун белгиледи.

«Мындан кийин ушуга окшогон күйүттү жашабаш үчүн эл аралык мекемелер менен бирге бизге да абдан маанилүү жоопкерчилик берилүүдө»,- деген Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «Биз кылымдардан бери  оптимисттик жана тынчтыктын үлгүсүн берген бир цивилизациянын өкүлүбүз. Пикир айырмачылыктарынын этникалык, маданий жана сектанттык бөлүүчүлүктөрдүн бизди бөлүшүнө, бири бирибизге душман кылышына уруксат бербейбиз. Адилеттик үчүн жүргүзгөн күрөшүбүздү толук ишенүү менен улантуубуз керек. Түркиянын жана түрк калкынын колдоосу Босния Герцеговина менен бирге экенин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Сребреница шейиттерибизге Алладан ырайым тилеп,  үй  - бүлөлөрүнө жана бул азапты жүрөгүндө сезген баарына сабыр тилейм».



Тектеш кабарлар