Президенттик кабинет жыйналышы өтөт

Видео конференция ыкмасы менен өтө турган жыйналышка президент Эрдоган, иштерин улантып жаткан Стамбулдагы Хубер сарайынан жетекчилик кылат.

07 Nisan 2020 11:25

Президенттик кабинет президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулат.

Видео конференция ыкмасы менен өтө турган жыйналышка президент Эрдоган, иштерин улантып жаткан Стамбулдагы Хубер сарайынан жетекчилик кылат.

Жыйналышта жаңы типтеги коронавирус (Covid-19)  менен күрөшүүнүн алкагында көрүлгөн чаралар кеңири түрдө каралат.

Кошумча чаралардын натыйжаларына да баа берилет.

Кабинет жыйналышында террор менен күрөшүүнү улай күн тартиптеги улуттук жана эл аралык темалардын да каралышы күтүлүүдө.