Президенттиктин кеңешчиси Айбет:«Патриот сунушуна ачыкпыз, бирок С-400дөрдөн баш тартпайбыз»

Президенттиктин башкы кеңешчиси, проф.Гүлнур Айбет, Вашингтондо өткөрүлгөн «Түркиянын аймактык коргонуу, энегетика жана экономика перспективасы» аттуу диспутта сөз сүйлөдү.

1271540
Президенттиктин кеңешчиси Айбет:«Патриот сунушуна ачыкпыз, бирок С-400дөрдөн баш тартпайбыз»

Президенттиктин башкы кеңешчиси, проф.Гүлнур Айбет, Түркиянын «Патриот» сунушуна ачык экенин, бирок мунун С-400 абадан коргонуу системаларынан баш тарта турганы түшүнүгүн бербегенин айтты.

Гүлнур Айбет, Түрк мурас фонду (THO) жана Американын эл аралык карым-катнаштар кеңешинин (WACA) өнөктөштүгүндө Вашингтондо өткөрүлгөн «Түркиянын аймактык коргонуу, энергетика жана экономика перспективасы» аттуу диспутта сөз сүйлөдү.

Түркиянын коопсуздук саясаттарында абадан коргонуу системасындагы кемчилигинин маанилүү маселе катары чындыгында көптөн бери талкууланып келгенин белгилеген Айбет, Түркиянын Орусиядан мурда эң оболу АКШ баш болгон берки өлкөлөр менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн эске салды.

Түркиянын өзүнүн улуттук абадан коргонуу системасын куруу иш-аракетин улантканын билдирген Айбет, бул жагынан алганда технология трансфери темасына маани бергендерин жана тийиштүү өлкөлөр менен бул темаларды сүйлөшкөндөрүн айтты.

Айбет: «Түркия С-400дөрдү тандады анткени белгилүү бир убакыт тилиминде талапты камсыздаган сунуш болчу. Ал эмес, бул сатып алуулар НАТОнун коопсуздук элементтерине эч кандай түрдө коркунуч туудурбайт. С-400дөрдөн дагы жакшы альтернативалар күн тартипке келсе буларды дагы карайбыз. Патриоттор булардан бирөө. Бирок АКШ муну «Биз Түркияга Патриотторду берели алар да С-400дөрдөн баш тартсын» түрүндө карабасын. Биз Патриотторго байланыштуу сунушка ачыкпыз, бирок бул эч кандай түрдө С-400дөрдөн баш тартабыз деген түшүнүктү бербейт»,-деп айтты.

Түркия-Америка карым-катнаштарында жикчил террор уюму ПКК/ЙПГ маселеси жана Фетхуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) темаларынын дагы деле атайын каралышы керек болгон эки тармак экенин айткан Айбет, Түркиянын Сирияда коопсуз аймак темасында күтө турган чыдамы калбаганын айтты.



Тектеш кабарлар