Саламаттык сактоо министри : "Эпидемия менен күрөшүүдө өлкөбүз бүткүл дүйнөгө үлгү болду"

Министр Кожа саламаттык сактоо тармагында Түркиянын доор аттаган бир мезгилди жашаганын белгиледи.

1426004
Саламаттык сактоо министри : "Эпидемия менен күрөшүүдө өлкөбүз бүткүл дүйнөгө үлгү болду"

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа дүйнөнү таасири астына алган жаңы тип коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүдө Түркиянын бүткүл дүйнөгө үлгү болгонун  айтты.

Министр Кожа Стамбулда Санжактепе профессор Фериха Өз тез жардам ооруканасынын  ачылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө президент Р. Т. Эрдоган көрсөткөн максаттын негизинде саламаттык сактоо тармагында Түркиянын доор аттаган бир мезгилди жашаганын белгиледи.

Ковид  - 19 пандемиясынын  бүткүл дүйнөгө көптөгөн нерсени үйрөткөнүн эске салган Кожа : «Ушул күнгө чейин саламаттык сактоо үчүн салынган инвестициялардын канчалык орундуу экенин жана саламаттыкты сактоо үчүн салынган инвестициянын эмне себептен өнүгүүнүн борборунда болушу керектигин тактады»,- деди.

Түркиянын коронавиурс менен күрөшүүдө бүткүл дүйнөгө үлгү болгонун белгилеген Кожа : «Күн өткөн сайын  күчтөнгөн саламаттык сактоо системабыз 21 -  кылымдын дүйнөсүндө Түркиянын атын саламаттыкты сактоо өлкөсү деп жаздырат»,- деди.



Тектеш кабарлар